«Экөөң кантип жашайсың, силерге кыйын болуп калат дешти» дейт ашыктар

Жаныбектин көзүнүн көрүүсү начар, Айдана басууда кыйналат. Экөө табышып, кыз-жигит катары мамиле кура баштаганына бир жыл болгонун айтышат. Маектин жүрүшүндө алар “бизди кийин кантип жашайсыңар дегендер болгон” дешет.

Алардын айтымында экөөнүн таанышып, сүйлөшүп калганына чыгармачылык түрткү болгон. «Жакындарыбыздан башында жашырып жүрдүк. 1 жылдан кийин айттык. Биз кантип айтабыз деп коркуп жүрдүк. Айдана ТикТокто отурат, экөөбүздүн видеолор тарай баштаганда көпчүлүк мага жазып, сүйлөшүп жатасыңбы дей баштады. Мен баарына «ооба» деп жооп берип жаттым. Көбү «экөөң кантип жашайсың», «экөөңдүн жашооң кыйын болуп калат» дешти», — дейт Жаныбек.