«Эл артисти наамын алгым келет». Ырчы Айдана Дека «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алды

Белгилүү эстрада ырчысы Айдана Дека «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алды. Бул тууралуу ырчы өзү СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

Ырчы бул төш белгини алгандыгы тууралуу Москвада концерт коюп жүргөндө уккан. «Быйыл тойлорго чыкканды азайтып, Аваз экөөбүз концерттерге көп көңүл бурдук, Москвага барып да мекендештерибизге концерт тартуулап келдик. Ошол концерт коюп жүргөн учурда жаңылыкты уктук. Бул төш белги алдыдагы көптөгөн ийгиликтердин башаты деп эсептейм. Келечекте Эл артисти наамын алгым келет, ал үчүн буюрса дагы да болсо, талыкпай эмгектенем», — деп билдирди ырчы.

Ырчы айымга төш белгини Маданият министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгулов тапшырды.