Эл артисти Талгарбек Жакшылыков көз жумду

Көрүнүктүү опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Талгарбек Жакшылыков дүйнө салды.

Талгар Жакшылыков 1964-жылы Алматы облусунун Куйган кыштагында туулган. Ал 1984-1986-жылдары Караколдогу Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайында окуган. 1987-жылдан 1993-жылга чейин Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хорунда ырдаган. 1993-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөндөн кийин аталган театрда узак жылдар бою солист катары эмгектенген. 1998-жылдан тарта Кыргыз улуттук консерваториясында иштей баштаган.

Жеке ырчылык кафедрасынын улук окутуучусу, доценти болгон. Талгар Жакшылыков чет элдик, орус жана кыргыз композиторлорунун операларында 40тан ашык ролду ырдаган. 2003-жылы ал эң жогорку баага — Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына ээ болгон.

Маркумду акыркы узатуу зыйнаты эртең, 15-мартта саат 11:00 Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтөт.