Эл жазуучу Мелис Абакиров акыркы сапарга узатылды (видео)

Бүгүн, 31-январда Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакировду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү.

Маданият министри Алтынбек Максутов жазуучунун совет доорундагы көптөгөн башка адабият өкүлдөрүнөн айырмаланып, журт башчыларынын, бай-манаптардын көркөм мүнөзүн карама-каршы реалдуу сүрөттөгөн сүрөткерлигин белгилеп, ар дайым чыгармачылык демин басаңдатпай көгөрүп, көшөрүп тынбай иштегенин, анын натыйжасында, “Жаштык рапсодиясы”, “Жинди сабыр”, “Канталамай”, “Чоң энемдин жомогу”, “Алмалуу бак”, “Алчалуу төр”, “Көкөй кести”, “О, опаасыз, опаасыз дүйнө”, “Барымта”, “Эрөөл”, “Сакадай бою сары алтын” жана башка аңгеме, повесть, романдары жарык көргөнүн айтып өттү.