Эл күткөн «Министрдин кызынын махабаты» тасмасынын 4-бөлүгү тартылууда (фото)

Эл көптөн күткөн «Министрдин кызынын махабаты» тасмасынын 4-бөлүгү тартылып жатат. Бул тууралуу тасманын режиссёру Рустам Аташов СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Учурда элдин суранычы менен «Министрдин кызынын махабаты» тасмасынын 4-бөлүгүн тартып жатабыз. Тартуу иштери 15-июндан башталган, азыр ортолоп калды. Тасмага мурунку курамдагы актёрлор тартылып жатат. Буюрса, экранга 15-сентябрдан баштап чыгарабыз», — дейт режиссёр.