“Эламан үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калган” дейт Ибрагим Жунусов

Бул жолу биз Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ибрагим Жунусов менен “Ностальжи” берүүсүндө сүйлөштүк. Ал чыгармачылыкка жасаган алгачкы кадамдары, айтылуу “Эламан” ырынын жаралуу тарыхы, чыгармачыл жолундагы кызыктуу окуялар, ал жараткан ырлар тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

«Эламан мага караганда акылдуу, мага караганда көптү билет. Эки университетти бүткөн. Азыр Бажы кызматында иштейт. Ага чейин депутаттын жардамчысы болуп иштеген. Эламан үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калган»,- деди ал.