БАЭде «Сальвадор Дали» кыргыз тасмасы «Мыкты кыска метраждуу тасма» аталды

«Сальвадор Дали» тасмасы Шарджа (БАЭ) шаарында өткөн Балдар жана жаштардын IX Эл аралык кинофестивалында «Мыкты кыска метраждуу тасма» наамын жеңип алды. 

Тасма 2021-жылы “Айтыш фильм” киностудиясынын базасында улуттук киностудиянын колдоосу менен тартылган. «Сальвадор Дали» режиссёрдун өзүнүн балалыгы тууралуу баяндайт. Ал тоодо жашаган чоң апасынын колунда тарбияланган. Күн сайын бала мектепке жетүү үчүн узак жол басып, дарыяны кечип өтүүгө туура келген.