Элдияр Мадакимдин «Сальвадор Дали» тасмасы Колумбияда мыкты тасма аталды

Кыргыз режиссёру Элдияр Мадакимдин «Сальвадор Дали» тасмасы 8-ирет өтүп жаткан Атлантика эл аралык кинофестивалында (Колумбия)  “Балалык темасындагы эң мыкты кыска метраждуу фильм» номинациясындагы сыйлыкка ээ болду. Маалыматты «Кыргызфильм» киностудиясы маалымдады.

Белгилей кетсек, режиссёрдун аталган кыска метраждуу тасмасы бир канча эл аралык сыйлыктарда байге алып келет.