«Элес» тобунун ырчысы Адиль Чекиловдун апасы көз жумду

«Элес» тобунун ырчысы Адиль Чекиловдун апасы көз жумду. Ал мындай суук кабарды өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Апа… Ыйманы саламат болсун… Жаткан жери жайлуу болсун»,- деп жазды ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.