Элмирбек Иманалиевдин «Булбулум, булбулум ай» аттуу обондуу ырлар жыйнагы чыкты

Кечээ, 20-апрелде Улуттук тарых музейинде Эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин «Булбулум, булбулум ай» аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары болуп өттү. Жыйнак “Айтыш” республикалык коомдук фонду тарабынан каржыланып чыгарылган.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Жогорку Кеңештин депуттары Адахан Мадумаров, Мирлан Самыйкожо, Кыргыз эл артисттери Атайбек Бөдөшов, Түгөлбай Казаков баштаган бир катар көрүнүктүү инсандар, Элмирбек Иманалиевдин бир туугандары, достору, күйөрмандары катышышты.