Элмирбек Иманалиевдин буюмдары Тарых музейине өткөрүлдү (сүрөт)

Кыргыз Эл артисти, төкмө акын, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин буюмдары Улуттук тарых музейине өткөрүлдү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жубайы Нурзат Иманалиева билдирди.

«4 жашында окуган Манас китебин, Чыңгыз Айтматовдон алган чапанын, сыйлыктарын, комузун, негизи эле колдонгон буюмдарын музейге өткөрүп бердим. Жакында коебуз дешти», — деди жубайы.