Элмирбек Иманалиевге «Кыргыз эл баатыры» наамы ыйгарылды

Бүгүн, 18-апрелде Бишкекте Манас театрынын имаратынын ачылышы болду. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров да катышты. Аталган театрдан билдиришкендей, Элмирбек Иманалиевге “Эмгек баатыры” наамы ыйгарылды.

Буга чейин депутат Кундузбек Сулайманов Элмирбек Иманалиевге «Кыргыз эл баатыры» наамын берүү сунушун айткан. «Бетке айтып, ырдап чыккан жигит болчу. Бул жигиттин кандай болгонун эл билет. Ушул акынды Кыргыз эл баатырына сунуштайт элем. Ушул маселени колдоп берсеңер», деген ал.