«Эмгегим бааланды». «Эмгек сиңирген артист» наамын алган Азамат Сарыбаев сыйлык ага стимул болгонун айтты

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги «Эмгек сиңирген артист» наамын алган Азамат Сарыбаев менен байланышканыбызда бул сыйлык ага стимул болгонун айтты.

«Сыйлык алуу аземинен чыксам телефонум жарылайын деп калыптыр. Чалуу, куттуктоолор болуп жатат. Абдан сүйүнүп, толкунданып жатам. Ушунча жылдан берки эмгегимди баалаган элге рахмат. Колдон келгенинче аракет кылдык. Көп сынактарга бардым. Эмгегим бааланды деп ойлойм. Бул сыйлык мага стимул болду. Элибизге жакшы ырлар менен кызмат кылууга аракет кылам. Жаңы жыл жакшы жылдардан болсун»,- деди ал.