Актриса Айсалкын Осмонова жаңы алган наамы тууралуу: «Былтыр, мурдагы жылы документ өткөрүп, быйыл өткөргөн эмесмин»

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Айсалкын Осмонова «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын алды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Айсалкын Осмонованы куттуктап байланышты.

«Мен жаңылыкты 24-августта уккам. Президенттик аппараттан да чалышып, эртең, 2-сентябрда тапшыруу аземи болорун айтып, чакырышты. Наам алууга документти театр тапшырды. Былтыр, мурдагы жылдары тапшырып келгенбиз, быйыл тапшырылган эмес. Бирок мурдагы документтерди карап, быйыл беришти окшойт», — деди ал.