Анара Сыдыгалиева Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты актрисасы деп жарыяланды

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Анара Сыдыгалиеваны ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму Театрдын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты актрисасы деп жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз драма театрынан билдиришти.

«Театрыбыздын кадырлуу актрисаларынын бири, кыргызга Азиз Мурадиллаевдей уул белек кылган апа, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Анара Сыдыгалиеваны ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты актрисасы деп жарыялады. Сыймыктанабыз», — деп айтылат маалыматта.