«Эмгек сиңирген артист» наамын алган Урмат Усенов сыйлыкты үмүт менен күтүп келгенин айтты

Бүгүн, 29-декабрь күнү «Эмгек сиңирген артист» наамын алгандардын катарында эстрада ырчысы, бир топ ырлардын автору Урмат Усенов да бар. Ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине сыйлыкты үмүт менен күтүп келгенин билдирди.

«Сахнага чыкканыма 18 жыл болуптур. Ар бир маданият тармагында иштеген адам мамлекеттик жогорку сыйлыкты күтөт. Мен да үмүт менен күтүп келгем. Документти мурун эле тапшырганбыз. Өз кезегин күтүп жатып, мына минтип убагы келгенде алып отурабыз. «Эмгек сиңирген артист» наамын алуу менен жоопкерчилик эки эсе жогорулады. Бүгүн теңтуштарымдан тышкары мен сыйлаган, кумир туткан залкарлар чалып куттуктап жатышат. Бул да чоң сыймык, кубаныч», — дейт Урмат Усенов.