«Эмнеге десем «төлөнө элек» деди». Гүлжигит Сатыбеков «вай-файың жокпу эмне» деген саптар кантип жаралганын айтты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков менен ырчы Гүлсүн Бостонкулованын «Вауу» аталышындагы ыры коомчулукта талкууга түштү. «Гүлжигит Сатыбеков деңгээлин түшүрүп мындай ырды жазбай эле койсо болмок» деп көпчүлүк аны сынга алууда. Хайп жараткан ырдын жаралуу тарыхын өз оозунан угалы.

«Бул ыр гастролдо жүргөндө жазылган. Негизи сонун эле жазылып жаткан. 2-куплетине келгенде Гүлсүн Бостонкулова шаштырды. Анан студиядан «вай-файың жокпу эмне?» десем, жок деди. Эмнеге десем «төлөнө элек» деди. Ошентип ошол жерде эле жазылып калган. Кийин ордуна башка сөздөрдү коёбуз, азыр ырдап туралы деп эле ырдалып калган. Тилекке каршы, оңдолбой ушул бойдон ырдалып кетти», — деди Сатыбеков.