“Эң мыкты актриса” наамына ээ болгон Калипа Таштановага сыйлыгы тапшырылды

Бүгүн, 9-ноябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Түрк дүйнөсүнүн II Эл аралык “Коркут Ата” кинофестивалында көрсөтүлгөн “Үй сатылат” (режиссер Таалайбек Кулмендеев) толук метраждуу тасмасынын башкы каарманы Калипа Таштанова “Эң мыкты актриса” наамына ээ болушу менен куттуктап, кинофестивалдын статуэткасын тапшырды. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Алтынбек Максүтов мындай сыймык алып келген кыргыз киносунун ийгилиги таланттуу чыгармачыл жаштарга мыкты мотивация берип, кинофестиваль жалпы түрк дүйнөсүнүн киночуларынын башын бириктирген мыкты аянтчага айланып жатканын баса белгиледи. Өз кезегинде жолугушууга келген Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясынын директору Акжол Бекболотов жана Калипа Таштанова министрге мындай жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдиришти.

Аталган кинофестивалга жалпы 17 мамлекеттен киночулар катышып, отузга жакын толук метраждуу жана документалдуу фильмдер сынакка ат салышкан. Фестивалдын калыстар тобуна Кыргызстандан белгилүү кино режиссер Темир Бирназаров кирген.