Эркин Эгембердиев Бакен Кыдыкеева атындагы театрдын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси болуп Маданияттын мыкты кызматкери Эркин Эгембердиев дайындалды. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.

«Жалындаган жаштыктын деми менен театрыбыз үчүн талыкпай изденип, жаңычылдык көз караштар менен мыкты ийгиликтерди жаратат деп тилек кылабыз»,- деп айтылат маалыматта.