Эрлан Андашев: «Мындан ары Кыргызстанга 1 жылда бир жолу келип-кетип турам»

Көп жыл АКШда жашап, мекенине келип жеке концертин коюп жаткан ырчы Эрлан Андашев менен SUPERTV маек курду. Маек учурунда ырчы жеке концертине кеткен каражатка АКШда 2 ай трак айдамак экендигин айтты.

«Кыргызстанга болгон сагыныч азыркыга чейин тарай элек. Эми барып-келип туруш керек. Буюрса, бир жылда бир жолу келип турганга аракет кылам», — деди ал.

Ал ошондой эле алдыдагы концертке кызуу даярданып жатканын айтты. «Чек арадагы окуядан кийин концертти жылдырдык да. Анткени «не до концерта» болуп калды. Жылдырганга туура келди. Элибиз туура кабыл алды. Өтө турган концертке жалпы команда даяр. Командада 50дөй киши иштеп жатат. Азыр онлайн касса жабылды. Ал эми кассада азыр бир аз билет бар экен. Жок болуп калышы мүмкүн», — деди ал.