Ырчы Эрлан Андашевдин «Ашыгым» ырын казакстандык ырчы которуп ырдап, тойлордун көркүн ачууда (видео)

АКШда жашап жаткан ырчы Эрлан Андашевдин «Ашыгым» аттуу ыры казакчага которулду. Аталган чыгарманы Бекарыс Толкунбек аттуу казакстандык ырчы ырдап чыкты.

Казакстандык ырчы Бекарыстын социалдык баракчасына киргизген видеолоруна караганда, ырчы «Ашыгым» ыры менен тойлорго чыгып, Эрлан мырзанын ырын казак элине таанытып, жайылтып жүрөт.

Эске салсак, буга чейин Эрлан Андашев аталган ырын түрк тилдүү угармандарынын сунушу менен түркчөгө которуп ырдап чыкканы жазылган.