Эрлан Андашевдин жылдырылган концертинин датасы белгилүү болду

Чек арадагы окуяларга байланыштуу жылдырылган Эрлан Андашевдин концерти 21-22-октябрда өтөт. Бул тууралуу ырчы өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

23-сентябрга алынган билеттер 21-октябрга жарактуу болот. Ал эми 24-сентябрга алынган билет 22-октябрдагы концертке жарактуу.