Эрлан Андашевдин концерти жылдырылды (видео)

Учурдагы кырдаалга байланыштуу боло турган концертти жылдырууну туура көрдүм. Бул тууралуу ырчы Эрлан Андашев билдирди.

Ал алыстан атайын билет сатып алгандардан кечирим сурап, туура түшүнүүнү суранды. Азырынча концерт кайсы мөөнөткө жылдырылганын айткан жок.

Ырчы буга чейин «23-24-сентябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда жеке концертимди берүүнү чечтим» деген.