Эрмек Нурбаев АКШга эмне үчүн барганын айтты

SUPERTV`нын #БийикТикте долбоорунун кезектеги каарманы – “Тамашоу” долбоорунун негиздөөчүсү, алып баруучу, шоумен Эрмек Нурбаев болду. Жакында эле АКШдан келген ал аталган өлкөдө эмне менен алек болгондугу тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

“Бул менин АКШга же жетинчи же сегизинчи жолу барышым. Так эсимде жок. Буга чейин аз гана убакытка барсам, бул ирет көп убакыт жүрүп, кенен таанышып келдим. Кетишиме эмне себеп болду? Былтыр пандемиядан улам жарым жылдай үйдө жатып калбадыкпы. Ошол убакытта концерт, иш-чара, тойлор да токтоп калды. Ал эми биз үчүн үй-бүлөнү багуу негизги милдет. Ошондуктан сырт жакка чыгып иштеп келүүнү туура көрдүм. Мен жумуштарды жакшы, жаман же муну кылам, муну кылбайм деп бөлбөйм. Трак айдаймынбы, курулуш тармагында иштейминби же таксист боломбу, айырмасы жок. Үй-бүлөмдү, ата-энемди багуу үчүн баарына даярмын”, — деди ал.

Ошондой эле, алып баруучунун “Кайрадан кетишиңиз мүмкүнбү, же биротоло келдиңизби?” деген суроосуна “Аны айта албайм, убакыт көрсөтөт” деп жооп берди.

Маекти толугу менен төмөндөгү видеодон көрө аласыздар.