Эрмек Нурбаев: “Коррупционерлерге шапалак жок болуп жатат”

#БийикТикте​ долбоорунун кезектеги каарманы – “Тамашоу” долбоорунун негиздөөчүсү, шоумен, алып баруучу Эрмек Нурбаев болду. Ал маек учурунда учурдагы саясат тууралуу кеп кылып, төмөнкүлөргө токтолду.

“Саясат — бул чоң багыт. Бирок учурдагы саясат аябай эле кир. Азыр бирөө менен сүрөткө түшүп калсаң эле “Аа болду, ушунун кишиси экен” деген сөз жабышат. Мен таза саясатчы көрө элек окшойм. Же байкабай жүрөмбү?.. Айтор, саясатчыларга көп ишене бербейм”, — деди ал.

Ошондой эле, “өзүңүз саясатка барышыңыз мүмкүнбү?” деген суроого төмөнкүдөй жооп берди.

“Кыргызстандын келечеги үчүн кайдыгер карабайбыз. Убакыт берели, мүмкүнчүлүк берели, ишенели… Кантсе да үмүт кылат экенсиң. Эгер өлкө өнүгүп, баары жакшы болсо, анда ар ким өзүнүн иши менен эле алек болгону жакшы. Бирок анча-мынчаларды көрүп алып таң каласың. Бийликке келишет, уурдашат, кетишет же качышат. Азыр коррупционерлер кармалып жатышат. Бирок анча-мынча төлөп коюп, кайрадан эркиндикте. Алардын оюу кандай? “Аа уурдаса болот экен. Эгер кармаса, бир аз төлөп коюп, кайра чыкканда көбүрөөк уурдайм” деп жатышкандыр? Аларга шапалак жок да… Уурдаган киши – элибиздин душманы. Алар бирөө эмес, көп. Менимче, алардын сүрөтүн тынбай телеканалдардан көрсөтүп, “ууру, эл душманы” катары кабыл алып, эч кандай мамлекеттик кызматка албай тургандай кылыш керек”, — деди Эрмек Нурбаев.

Маекти толугу менен төмөнкү видео аркылуу көрө аласыздар.