“Эрмен жыты” тасмасы эл аралык сынакта баш байгени жеңип алды

12-16-апрель күндөрү Германияда өткөн эл аралык сынакта Бремен кинофестивалынын баш байгесин Айбек Дайырбековдун “Эрмен Жыты” тасмасы жеңип алды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. 

Эл аралык «Герман премьерасы» сынагына АКШ, Индия, Израиль, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн 10 тасма катышкан. Фестиваль сегизинчи жолу өтүп жатат.

Эл аралык сынактын мыкты көркөм тасмасынын жеңүүчүсү көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун гибриддик добуш берүү системасы аркылуу аныкталды. Бремен кинофестивалынын «Эрмен жыты» фильмине эл аралык конкурстун бардык катышуучуларынын арасында көрүүчүлөр да, калыстар тобу да эң жогорку бааларды беришкен.