«Эрмен жыты» тасмасынын каармандарынын бири «Мыкты актёр» аталды

«Эрмен жыты» тасмасынын башкы каармандарынын бири Дастан Айбек «Мыкты актёр» аталды. Маалыматка караганда, ал Ташкент эл аралык кинофестивалында «Мыкты актёр» номинациясын жеңип алган.

Режиссёр Айбек Дайырбековдун «Эрмен жыты» тасмасы буга чейин да эл аралык кинфестивалдарда бир нече сыйлыктарды алган.