Эртең Орусиянын күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлөт

12-июнда Орусиянын күнүн белгилөө иш-чарасы өткөрүлөт. Саат 10:00дө Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын батыш тарабында шаардыктарга ачык асман алдындагы майрамдык концерт жана жарманке уюштурулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Фестиваль Бишкек шаарынын мэриясынын жана Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өтөт. Активдүү уюштуруу жардамын Кыргызстандагы орус мекендештеринин Координациялык кеңеши, «Мекендештер союзу» коомдук уюму тарабынан көрсөтүлүүдө.

Күн бою (эртең мененки саат 10:00дөн кечки 21:00гө чейин) сүрөтчүлөр, бийчилер, аткаруучулар, орус жомокторунун жаркын каармандары балдарды жана чоңдорду бай интерактивдүү программа менен кубантышат.

Фестивалдын коноктору үчүн: концерт, орус товарларынын жарманкеси, орус ашканасынын даамын таттыргын гастрономиялык фестиваль, экскурсиялар, оюндар, мода көрсөтүүлөрү, балдар үчүн спектакль, балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстар, «Россиянын тегерек бийи» интерактивдүү программасы даярдалды.