Евровидение-2021 сынагынын финалына кимдер өттү? Фоторепортаж

Кечээ, 18-май күнү Роттердамда өткөн Евровидение-2021 сынагынын биринчи жарым финалы болуп өттү. Буга чейин сынак коронавирус пандемиясынан улам бир жылга жылдырылган болчу. Биринчи жарым финалга 16 атаандаш катышты. Бул турда бардыгы — Балкан эстрадасы, Славяндан Жакынкы Чыгышка чейинки элдердин, китч жана Евровидениеде гана угула турган ырлар жаңырды.

Самира Эфенди
Өлкөсү: Азербайжан
Жашы: 30

Hooverphonic
Өлкөсү: Бельгия

Туссе
Өлкөсү: Швеция
Жашы: 19

Элена Цагрину
Өлкөсү: Кипрдин атынан чыккан грек ырчысы
Жашы: 26

Manizha
Өлкөсү: Орусия
Жашы: 29
19-майга карата биринчи жарым финалдан алынган клиптер арасында анын ыры эң популярдуу болуп жатат, тагыраагы 900 миңден ашуун көрүүгө ээ болду.

Эден Алене
Өлкөсү: Израиль
Жашы: 21

Дестини (Дестини Чукуньере)
Өлкөсү: Мальта
Жашы: 18


Go_A
Өлкөсү: Украина

Tix (Андреас Хаукеланд)
Өлкөсү: Норвегия
Жашы: 28

The Roop
Өлкөсү: Литва