Евровидение-2023: швед ырчысы Лорин жеңди

Бүгүн, 14-майга караган түнү Ливерпулда өткөн «Евровидение-2023» сынагы жыйынтыкталып, анда «Tattoo» деген ыры менен Швециянын өкүлү Лорин жеңди. Бул жеңиш Лориндин алгачкы утуп чыгышы эмес. Ал буга чейин Бакуда 2012-жылы өткөн сынакта да жеңген болчу.

Экинчи орунду финляндиялык Кэрие, үчүнчү орунда израилдик Ноа Кирел алды.