«Евровидение» сынагында Украина жеңди

Бүгүн, 15-майга караган түнү Kalush Orchestra тобу «Stefania» деген ыры менен Украинага «Евровидение» сынагында үчүнчү жеңишти алып келди. Алар сынак башталганга чейин эле фаворит аталып жаткан.

Сахнада ырын тартуулаган соң топтун фронтмени Олег Псюк түз эфирде Украинаны колдоого чакырды. «Украинага, Мариуполго, Азовсталга жардам бергиле» деп англис тилинде кыйкырды. Аталган сынакта саясий билдирүү кылууга тыюу салынган. Сынактын уюштуруучусу «Украинанын тегерегиндеги окуяларга түшүнүү менен карайбыз жана аталган сынактагы билдирүүлөр саясий мүнөзгө эмес, гуманитардык мүнөзгө ээ» деди.

Украинадан кийинки орунду Улуу Британиядан Сэм Райдер ээлесе, үчүнчүнү Испаниядан Шанель алып, Туринде өткөн сынакта акыркы орунда Германиядан Малик Харрис алды. Ал эми Беларусь менен Орусия буга чейин сынакка катышуудан четтетилген болчу.

Украина «Евровидение» сынагына 2003-жылдан бери катышып келет жана буга чейин эки жолу жеңишке жеткен. 2004-жылы Руслана «Wild Dances» ыры менен, 2016-жылы Жамала «1944» деген ыры менен жеңүүчү аталган.