«Евровидениенин» уюштуруучулары Орусияны сынакка катышуудан четтетти

«Евровидениенин» уюштуруучулары Орусияны сынакка катышуудан четтетти. Алар өздөрүнүн билдирүүлөрүн социалдык тармактардагы баракчаларында таратышты.

«Орусия быйыл «Евровидение» ыр сынагына бир да номер менен катыша албайт. Аткаруу кеңеши Евровидение ыр сынагынын башкаруучу органынын сунушу менен иш-чаранын эрежелерине жана баалуулуктарына таянуу менен чечимди бүгүн эртең менен кабыл алды», — деп айтылат билдирүүдө.