«Филармония» дегендин «ф» сын түшүнбөйт». Гүлшайыр Садыбакасова депутат кечирим сурашы керектигин айтты

7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Ош облустук филармониясынын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо керектигин айткан. «Жетекчи 2000-жылы шайланып, 22 жылдан бери иштеп келе жатыптыр. Ушул жылдан бери тешилип калган полду, урап жаткан дубалды оңдосо болот беле?» — деп суроо салган ал.

Бүгүн, 9-декабрда Гүлшайыр Садыбакасова пост жазып, айтылган сынга жооп берди.

Эки күндөн бери социалдык тармактарда менин Ош филармониясындагы 22 жылдык директорлук кызматыма асылып, бул мекеменин өнүктүрүүгө, өстүрүүгө жасаган опол-тоодой эмгегимди жокко чыгаргысы келген, жашы кызым Сайкал менен теңдеш, «филармония” деген сөздүн «ф» сын түшүнбөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Изатбек кызынын маданият жаатындагы жасаган эмгегимди билбей туруп, Ош филармониясына келип акыбалды жеринен көрбөй туруп, жалгандан жалаа токуп, куру дооматы, жосунсуз жоругу менен мага чыгарган постторуна, сүйлөгөн сөзүнө, соцтармактарда эки тарап болуп айтышып жаткандарга кыскача маалымат берип коюуну туура таптым.

Мен, Садыбакасова Гүлшайыр Садыбакасовна Кыргыз Республикасынын Эл артисти, «Даңк» орденинин ээси, көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси, профессор, обончу-композитор, маданият тармагында 50 жылдан бери иштеген маданият өкүлүмүн. 2000-жылы менин каалабагандыгыма карабастан, ошол кездеги Ош облусунун губернатору Темирбек Акматалиев «ызы-чуусу, жаңжалы, тирешүүсү токтобогон Ош филармониясынын коллективин ынтымакташтырып, мекемени өнүктүрүп бериңиз» деп суранып директорлукка алып келген. Эки жылда коллективди ынтымакташтырып, бириктирип, жагымдуу атмосфера түзө алдым. Аталган мекеменин ишин алга жылдырууда, материалдык-техникалык жана адистик-чыгармачыл базасын чыңдоодо тыным албай эмгектендим. Өз ишимди чоң жоопкерчилик менен аткарып, филармониянын концерттик ишмердүүлүгүн өркүндөтүүнүн үстүндө талбай иштегендигимдин натыйжасында жалпы көркөм жамаат бир нече эл аралык, республикалык фестивалдарга кароо-сынактарга, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышып, изги ийгиликтерди жаратып, жалпы кыргыз элине гана эмес, Орто Азияга, чет өлкөгө таанымал маданият мекемесине айланды. 22 жылдан бери Ош филармониясын өнүктүрүү үчүн көптөгөн олуттуу жумуштар аткарылды. Алардын кээ бирлерин маалымдап кетейин.

2000-жылы “Ош-3000” мамлекеттик дирекциясы тарабынан солгундап, токтоп калган ремонттоо, оңдоп-түзөтүү иштеринин темпин тездетип, акча каражат таптырып, 28 миллион сомдук бүтпөгөн курулуш иштерин бүткөрүп, эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн “Ош 3000” маараке-салтанаттын программасындагы президент катышкан “Бактылуу балалык” жана майып балдар үчүн “Күн баарыбызга бирдей тийет” кайрымдуулук иш-чаралары филармониянын жаңы ремонттон чыккан залында эң жогорку деңгээлде өткөрдүк.

2001-жылдан тартып филармонияга элдик таланттарды тартуу, көркөм топторду көбөйтүү, чыгармачылыктын деңгээлин көтөрүү, концерттик ишмердүүлүктүн сапатын жакшыртуу, аракеттердин натыйжасында, залкар комузчу, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Болуш Мадазимов, Кыргыз эл артистери обончулар Жолболду Алыбаев, Токон Эшбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артистери Кудаш Темиров, Абдыманап Төрөбеков, Апаз Жайнаков, Фахридин Баяков, элдик коллектив «Кыз-Бурак» тобу, белгилүү ырчылар Темир Назаров, Замир Мырза иштөөгө тартылды.

2021-2022-жылдары филармониянын 58 штаттык бирдигин Ош менен Бишкектин ортосунда чуркап, кадыр-баркымды салып жүрүп 150 штаттык бирдикке көбөйттүм. Натыйжада Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын жалпы көркөм жамаатынын чыгармачылык деңгээли бийиктеди. 18 адамдан турган ансамбль-оркестр 40 адамдан турган эл аспаптар оркестрине айланды. “Санат-ордо” эл шайырлар тобу, эстрада бөлүмү, “Адеми” кыргыз улуттук бий топторун жаңыдан түздүк.

2001-2002-жылдары, Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын 1998-жылы жеке ишкер тарабынан менчиктештирилип кеткен 35 сотых жер тилкесин кайтарып алуу боюнча тынымсыз күрөшүүнүн натыйжасында, жер тилке филармонияга толук кайтарылып алынды. Атайын каражат иштеп табууга 2000-жылы 33 миң сом пландалган болсо, бүгүнкү күндө атайын каражат иштеп табуунун көлөмүн 900 миң сомго көбөйтүлдү. Эгерде Аида Исатбек кызы Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунда талкаланган клубдарды кайра калыбына келтирсе, жогорудагы көрсөткүчтү 9 миллион сомго көбөйтсө болот.

2000-жылда Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын 350 миң сом материалдык-техникалык базасы азыркы күндө 20 милион сом материалдык-техникалык базага көбөйтүлдү. Жалпы көркөм жамаат катуу-жумшак инвентарлар, музыкалык аппаратуралар, концерттик формалар, жарык берүүчү техникалар, музыкалык аспаптар менен жабдууланды. 2003-2008-жылдар арасында Ош шаардык муниципиалдык турак жайларда жашап жаткан 28 өнөрпоздордун үйлөрү көптөгөн аракеттердин натыйжасында үй ээлерине менчиктештирилип берилди. Кыргыз эл артисттери Мадазимовго, Алыбаевге, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кожомжаровго, артист Карабаевге Ош мэриясынан үй, жер алынып берилди.

Уунасы жок, концерттерге чыга албай көп жыл кыйналган жамаатыбыз 2016-жылы Мерседес Бенц микроавтобусу менен камсыздалды. 2018-2019-жылдары көп жылдар бою иштебей, кышында кыйналып, суукка тоңгон жамаат үчүн жылуулук берүү системасы жаңыдан курулуп, Ош шаардык ЖЭБге туташтырылды. 2000-2022-жылдар аралыгында Ош филармониянын көркөм жамааты Түркия, Португалия, Германия, Кытай, Орусия, Түштүк Корея, Кипр, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, өлкөлөрүнө расмий делегациянын курамында, Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүнө, эл аралык кароо-сынактарга фестивалдарга, концерттик иш-чараларга катышуу менен, Кыргызстанды чет элдерге таанытууда, музыкалык маданиятыбызды даңазалоодо алгылыктуу ийгиликтерди жаратышты.

2008-2011-2016-жылдарда Ош филармониясы «Жылдын мыкты филармониясы» деп таанылып, маданият министрлигинин атайын дипломдору менен сыйланды. Эки жолу Жгорку Кеңештин ыраазычылык катына ээ болду.

Аида Исатбек кызы бүгүнкү күндө Ош филармониясында сен постуңа жазган тешилген, чириген полдор жок. Биринчи көрүүчүлөр залында иш-чаралар байма-бай өтүп жатат. Ал эми экинчи залда Бабур театрынын жамааты эмгектенип жатат. 22 жылдан бери Ош филармониясын оңдоп-түзөтүүгө бюджеттен бир сом акча каражаты бөлүнө элек. Ушул жылдар аралыгында косметикалык ремонттоо иштерин өзүбүз иштеп тапкан атайын каражаттын эсебинен каржылап келдик. 22 жылдан бери филармониянын артисттери иштөөгө шарты дал келбеген, филармониянын талаптарына жооп бербеген, көшөгөсү көтөрүлүп-түшпөгөн, ачылып-жабылбаган кичинекей сахнада аргасыз эмгектенип келе жатканын көрсөң жакшы болмок. Ош филармониясын кайра реконструкциялоо боюнча 15 жылдан бери президентке, спикерге, өкмөт башчыга, министрликке кайра-кайра кат жаза берип чарчабадым. 2022-жылдын башында Садыр Жапаровдун “эскини оңдобой Ошко жаңы филармония курабыз” деген сөзүн угуп, аябай кубанып, ошол жакшылыкты чыдамсыздык менен күтүп жатабыз!

Менин жумуштан кетүүмдү Аида, сен чече албайсың, аны министр чечет! Кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү миң түмөн иштеримдин бирөөсүн да сен жасай албайсың! Бирок эки ай мурда министр Алтынбек Аскарович, министрдин орун басары Түмөнбай Колдошев үчөөбүз олтурганда, “мен ден соолугума байланыштуу Жаңы жылдан кийин уруксат берсеңер, жумуштан кетейин, ордума татыктуу балдардан коёлу” деп сүйлөшкөн элек. Сенин мага жөнсүз, куру жалаа менен асылууңдан кийин негедир кайра чыйралып, улуу аталарыбыз Миталип Мамытов, Мамбет Мамакеев, Эрнис Акрамовдой болуп жашым бир топко барганча иштей берсемби деп да ойлонуп калдым… “Эл тааныган аброюма шек келтирип, ак жерден каралап 22 жылдан бери иштебей олтурат” деген жалган жалаа куру дооматың үчүн, менден кечирим сурооңду талап кылам!» — деп жазды.