Филармониянын артисттери Бишкек шаарынын тургундарына чоң программадагы концертин тартуулоодо

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жамааты 15-16-17-июнь күндөрү Бишкек шаарынын тургундары үчүн чоң концертин тартуулоо менен сезонун жапмакчы.

Чоң концертке Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри, «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли, мамлекеттик «Ак-Марал» бий ансамбли, Улуттук филармониянын эстрадалык-симфониялык оркестри, филармониянын камералык хору, «Эл ырчысы Эстебес» тобу жана улуттук филармониянын эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчылары көрүүчүлөргө ыр белек тартуулашууда.

Кыргыз улуттук филармониясы быйылкы жылдагы сезонунда, эл аралык жана мамлекеттик деңгээлдеги ири маданий иш-чараларда кыргыз элинин улуттук маданияты менен искусствосун дүйнө элине даңазалоо менен бирге, Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарында чоң программадагы чыгармачылык гастролдор менен болуп, калкты руханий жана маданий өнүгүп-өсүшүнө зор кызмат өтөп келүүдө.