Филипп Киркоров Бишкекте футболкачан ырдаган себебин айтты

Филипп Киркоров мындан 2 күн мурда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда концертин берди.

Концертке барган күйөрмандар ырчыны 3 түрдүү кийим менен көрүшкөн. Анын экөөсүндө көк жана кара түстөгү футболка менен чыккан. Ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында анын концерттик кийимдери бажы маселелесине байланыштуу спорт ордосуна жетпей калганын айтты.