Фонограмма менен концерт коюуга тыюу салынган буйрук чыгат

Маданият министрлиги мамлекеттик маданий мекемелерге фонограмма менен ырдоого тыюу саларын маалымдады.  Кечээ, 30-декабрда аталган министрлик маданий иш-чараларда колдонулуп жаткан фонограммаларды жана анда мыйзамдардын сакталбай жатышын  талкуулады.

Кыргыз маданиятынын көптөгөн өкүлдөрү жогорку деңгээлде өткөрүлгөн иш-чараларда жандуу үн менен ырдашары айтылды. Концерттерде алдын-ала жазылып, аранжировкаланган ырлар да басымдуулук кылаарын билдиришти.

«Мындай көрүнүштөр болбошу үчүн, жандуу үн менен коюлган концерттерге басым жасоо керек. Бүгүнкү күндө өлкөдө профессионалдуу үн режиссерлору жок. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар эстрада жаатындагы чет элдик тажрыйбаны колдонуу, жаш кадрларды, аранжировка жасоочуларды даярдоо, эстрадалык оркестрлердин санын көбөйтүү, чыгармачылык деңгээлин жогорулатуу маселелерин талкуулашты. Учурдагы «Фонограммалар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү чечими кабыл алынды. Жакын арада Маданият министрлиги мамлекеттик маданий мекемелерге фонограмма менен концерт коюуга тыюу салган буйрук чыгарат», — деп билдиришти министрликтен.