Парижге «Fusion Concept Kyrgyzstan» дүйнөлүк заманбап бий чемпиондугуна барчулар аныкталды (фото)

25-июнда Бишкекте «Fusion Concept Kyrgyzstan» чемпионаты өтүп, чемпиондор аныкталды.

Жеңүүчүлөр:

1. Бообек Саламатов (Бишкек, Кыргызстан, попинг);
2. Владимир Мещеряков (Ташкент, Өзбекстан, хип-хоп);
3. Элая Байшакова All Styles Kids  (Алматы, Казакстан).

Ал эми кыргызстандык Ома жана Ема Twins «Fusion Concept» программасынын жеңүүчүлөрү болду. Алар август айында Парижде өтчү «Fusion Concept Kyrgyzstan” заманбап бийлердин дүйнөлүк чемпиондугуна барышат. Францияда өтө турган чемпионатка дүйнөлүк калыстар тобунун курамына кыргыз бийчиси Жан Воинов катышат.

«Fusion Concept Festival» аттуу заманбап бийлердин Дүйнөлүк чемпиондугуна тандоо турун уюштуруучусу Жан Воинов, уюштуруучу Канон Зузоа жана Мадоннанын хореографы Марвин Гофин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун кабыл алуусунда болушкан.