Гүлнур Сатылганова: “Саясатка аралашып, эл алдында кадыр-баркымды түшүрүп алгым келбейт”

#БийикТикте долбоорунда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гулнур Сатылганова конокто болду.

Маек башталганда ырчы жакында эле Кырчын жайлоосунда болуп келгенин айтып, “Карантинде абдан бук болуп кеттим. Бардык нерсени жүрөгүмө жакын кабыл алып, ыйлаак да болуп калгам. Андыктан жан дүйнөм тынчтыкты каалап, жаратылыш койнунда эс алып келдим” деди.

Андан соң шайлоонун үгүт иштерине эмне себептен катышпаганын, учурдагы жаңылыктарын айтып өттү.

Эфир ортосунда ырчыга алып баруучу тарабынан кыска-нуска суроолор узатылып, андан кийин атайын даярдалган оюн орун алды.

Ал эми эфир соңунда ырчынын учурдагы бийиктикке жетүүдөгү басып өткөн жолу, чыгармачылыктан тапкан жана жоготкон нерсеси тууралуу суроо узатылды. Ар бир суроого так жана кылдаттык менен жооп берген ырчынын маеги жандуу чыгармалар менен да коштолду.

Гүлнур Сатылганованын түз эфирдеги жаңы маегин төмөнкү видеодон көрө аласыз.