Гарри Поттердин күйөрмандарына сүйүнчү! Сериалдын биринчи тизери чыкты

«Гарри Поттер» сериалынын биринчи тизери чыкты. Ал HBO Max сервисинде жарыяланды.

Буга чейин жарыяланган маалыматтарга ылайык, чыгарманын ар бир бөлүгү сезондорго бөлүнөт, анын баары 10 жылга чейин созулушу ыктымал. Жоан Роулинг аталган долбоордо аткаруучу продюсерликти аркалап жатат. Сериалга жаңы актёрдук курам тартылат.

Сериалдын качан көрсөтүлүп башталышы да азырынча белгисиз.