«Город 312» тобу Бишкекке келди (сүрөт)

Бишкек шаарына “Город 312” тобу келди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

«Город 312» тобу Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстандын футбол ардагерлеринин курама командасы менен КМШ өлкөлөрүнүн оюнчуларынан турган курама командасынын ортосунда футбол боюнча жолдоштук беттешүүнүн расмий коногу катары келди.

Программа боюнча алар кыргызстандыктарды жана футбол сүйүүчүлөрдү келе жаткан Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, ата мекендик эстрада жылдыздары менен биргеликте концерттик программа тартуулашат.