«Город 312» тобунун аталышын «Город Z» деп өзгөртүүнү талап кылып жатышат. Топтун мүчөсү эмне дейт?

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары «Город 312» тобунун аталышын «Город Z» деп өзгөртүүнү талап кылып жатышат.

«Украинадагы согушту колдоо Кыргызстанга, Бишкекке, Кыргыз жарандарына эч кандай тиешеси жок. Топтун мүчөлөрү өз тандоосун жасашты. Алар менен коштошууга убакыт келди окшойт», — деп жатышат.

Топтун мүчөсү Светлана Назаренко аларга жооп берди. Анын айтымында, анын улуту украин, бирок Кыргызстанда төрөлгөн. 20 жылдан бери Орусиянын аймагында иштеп келет. «Бизге жана биздин мекендештерге Орусия жардам берип келет. Мен Орусия жөнүндө жаман айтууга мүмкүндүк бербейм. Кыргызстанды да жаман сөздөн коргойм. Мен катардагы адамдардай эле тынчтык орношун каалайм», — деп жазды ал.