«Город 312» тобунун солисти аларды Бишкекте кандай дасторкон менен тосуп алганын көрсөттү (видео)

Кечээ, 29-августта Бишкек шаарына “Город 312” тобу келди. Топтун солисти Ая (Светлана Назаренко) аларды жердештери кандай дасторкон менен тосуп алганын көрсөттү.

«Город 312» тобу Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстандын футбол ардагерлеринин курама командасы менен КМШ өлкөлөрүнүн оюнчуларынан турган курама командасынын ортосунда футбол боюнча жолдоштук беттешүүнүн расмий коногу катары келди.

Программа боюнча алар кыргызстандыктарды жана футбол сүйүүчүлөрдү келе жаткан Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, ата мекендик эстрада жылдыздары менен биргеликте концерттик программа тартуулашат.