Грецияда өткөн фестивалда «Шамбала» тасмасы байгеге ээ болду

Режиссер Артыкбай Сүйүндүков тарткан «Шамбала» тасмасы Liber Films эл аралык фестивалынын байгесин жеңип алды. Бул тууралуу кинофорумдун сайтында маалымдалды. Тасма январь жана февраль айларынын программасында эң мыкты деп табылды.

«Шамбала» Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган. Тасманы “Айтыш фильм” киностудиясынын катышуусунда “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы даярдаган.