Гүланда 8-март күнү 40 жашын белгиледи. «Жолдошумдун белеги мага жакса болду» дейт ал

8-март күнү ырчы Гүланда 40 жашка чыкты. Кош майрамын белгилеп ырчы айым жакындарын, санаалаш, сахналаштарын чогултуп, чыгармачылык кечесин өткөрдү.

«Бул күн мен үчүн сыймыктуу күн. Айымдар майрамдап жатканда, мен туулган күн өткөрөм. Жолдошумдун белегин айтпай эле коёюн, ал сюрприз эле болсун. Эң негизгиси мага жакса болду деп ойлом. Тойду өзүм уюштуруп жатам», — деди ал.