Кыргыз сулуусу «Miss Planet International» сынагына катышат

Гүлгакы Эргешова Кыргызстандын атынан «Miss Planet International» сынагына катышат. Бул тууралуу аталган сынактын уюштуруучуларынын социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды.

«Кыргызстандын намысын Гүлгакы Эргешова коргойт. Сулуулук конкурсунун финалы 19-ноябрда Камбоджада өтөт», — деп жазылат маалыматта.