Гүлжайна Атаканова: “Мени Гүлжайна кылган – Рахман Разыков. Ал күчтүү, сабырдуу болууга үйрөттү”

Куудул, сатирик Рахман Разыков 7-июнь күнү коронавирус илдетинен дүйнө салып, кыргыз сатирасы орду толгус оор жоготууга учурады. Алп куудулду шакирти Гүлжайна Атаканова төмөнкүдөй эскерет.

“Менин Гүлжайна болуп таанылышыма агайдын салымы жүз пайыз. Ата-энем мени 11-класска чейин тарбияласа, агайым турмуштук жолдо чоң таасирин тийгизди. Күчтүү болууга, сабырдуу болууга, сынбаганга үйрөттү. Азыр жүрөгүбүз ооруп, канчалык ыйласак да колубуздан эч нерсе келбейт экен. Ал өзү өлсө да, артында канчалаган шакирттери калды. Алар агайдын атын өчүрбөйт”, — дейт куудул.

Андан соң “Ооруканада жатканда байланышсам, үнү жакшы эмес экен. Дароо уулу Каныбекке чалдым. Ал агай жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн айтты. Анын эртеси эле өтүп кетти деген кабар келди” деп кошумчалап, көзүнө жаш алды.

Рахман Разыковду кесиптештери, шакирттери кантип эскерет? Видеодон көрүңүз.