Гүлжайна Атаканованы төрөтканадан чыгарууга эмне үчүн жолдошу келген жок? Куудул айымдын жообу

Экинчи ирет эне болгон Гүлжайна Атаканова бүгүн, 2-июлда төрөтканадан чыкты. ЭКО жолу менен төрөгөнүн жашырбаган куудул айым көзүнө жаш алып, кубанычын тең бөлүштү. Аны төрөтканадан чыгаруу үчүн апасы, кызы, жакындары, курбулары келди. Тилекке каршы аны алып кетүүгө келгендердин арасынан жолдошун көрө алган жокпуз.

Куудул айымдын айтымында, буга өзүнө «жеке жашоомду баарына жар салбайм» деп чечкени себеп болгон. «Жолдошум менин жүрөгүмдө. Эң негизгиси жашоомду ачыктап, баарына эле жар салбайм деп чечкем. Жолдошум абдан кубанды. Ар бир сөзүндө «сендей күчтүү кыз болсун» деп айтып отурат. Ошол киши бар үчүн мен күчтүүмүн», — деди ал.