Гүлжайна Атаканованын эжеси: «Эмнеге ажырашасың, ошол менен эле жашай бер» деген сөздөрдү айтканбыз»

«Бир тууган» берүүсүнө бул жолу биз куудул Гүлжайна Атаканованы эже-сиңдилери менен чакырдык. Алар балалыктагы кызыктуу күндөрдү эстеп айтып, бирде күлүп, бирде ыйлап маек беришти.

«Гүлжайна чыгармачылыкка жаңы аралашып, турмушунда эки ажырым жолго түшкөн. Ошол жолду тандаганына өкүнгөн жок. «Эмнеге ажырашасың, ошол менен эле жашай бер» деген сөздөрдү айтканбыз. Бирок өжөр кыз болчу, биздин айткан сөздөргө маани берген жок. Анда кызы кичинекей болчу. Кызын алып кетип, алып келип жардам берчүбүз», — деди эң улуу эжеси.