Гүлжайна Атаканованын туулган күнүнө 100 миң сом белекке келди

Бүгүн, 10-майда куудул Гүлжайна Атаканова туулган күнүн белгилөөдө. SUPERTV телеканалы куудул айымды куттуктап байланышты.

Менин туулган күнүм кечээ кечинде эле башталды. Көчөдө болчумун, алгачкылардан болуп досторум, аяштарым куттукташты. Анан саат түнкү 3төрдө үйгө келсем, ата-энем, бир туугандарым тосуп алып мени кубандырышты. Бул жолку туулган күнүм Орозо айына туш келгендиктен, аны белгилөө борбордогу белгилүү ресторандардын биринде ооз ачуу менен коштолот. Мен белектерди бөлбөйм, аябай көңүл көтөргөн белектер келип жатат. Ошондой эле жакын адамдарымдын бири 100 миң сом берди”,деди ал.

SUPERTV’нын жамааты куудул айымды туулган күнү менен куттуктап, аман-эсен көз жарып алышына тилектеш.