Гүлжигит Калыков жол эрежесин канчалык деңгээлде билет? Ал жол тескөөчүлөрдүн сынынан өттү

Ырчы Гүлжигит Калыков Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан уюштурулган «Айдоочу жол эрежесин билет» аталыштагы эстафетада жол тескөөчүлөрдүн сынынан өттү.

Ал ага берилген тапшырманын баарын туура тапты. «Жол белгилерин эң жакшы өздөштүргөн, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков бул эстафетаны Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Азат Раимбердиевге узатты»,- деп айтылат маалыматта.